Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 09:18

Аксы: селден улам Мундуз айылында жол жабылып, жарык өчтү


Иллюстрациялык сүрөт.

Аксы районундагы Мундуз айылына барчу жол селден улам жабылып, жергиликтүү эл жарыксыз калды.

«Азаттыктын» аймактык кабарчысы билдиргендей, айылда 30 турак жайдын короолорун жана 5 үйдү суу каптады. 9-июлда кечке жуук райондун Кош-Дөбө айыл аймагынын Жаңгак, Семет, Мундуз, Таш-Жар айылдарында сел жүрүп, ички чарбалык жолдорду жана турак жайларды каптаган.

ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчилиги кырсык болгон аймактарды кыдырып чыкты.

Баштапкы маалыматтарга караганда, катуу жааган жамгырдан улам тоолордо кыян жүрүп, селге айланган. Райондук деңгээлдеги 7 чакырым жана 2,5 чакырым ички чарбалык жолдордун бир катар бөлүгү жарактан чыккан.

Мындан сырткары ГАЗ-53 автоунаасын жана бир жеңил машинени сел агызып кеткен. Учурда чыгымдар такталып жатат. Селди тазалоо иштери жүрүүдө. (RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG