Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:19

Бишкек ЖЭБи боюнча сотто күбөлөр суралууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Свердлов райондук соту Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөө боюнча соттук териштирүүнү улантууда. 10-июлда күбөлөр суралып жатат. «Электр станциялары» ишканасынын тышкы байланыш бөлүмүнүн ошол кездеги жетекчиси Маматмуса Үкүбаев сөз сүйлөп, ошол кезде ТВЕФ Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) линиясы боюнча дагы насыя алып келишерин маалымдашканын билдирди. Ошондой эле бардык ноталарда аталган компания негизги аткаруучу экени көрсөтүлгөнүн айтты.

Айыпталуучулардын бири, мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев соттук отурумга колуна кишен салынып жеткирилип жатканына нааразылыгын билдирди.

Бул иш боюнча учурда УКМКнын тергөө абагында мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаев, «Электр станцияларынын» мурдагы башчысы Салайдин Авазов, «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы жетекчиси Айбек Калиев жана дагы башка бир катар адамдар отурат. Алардын баары «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айыпталууда. Алар өздөрү күнөөсүз экенин айтып жатышат.

Ишин кароо Свердлов райондук сотунда 18-февралда башталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG