Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

Жарандык активисттер зордукталган деген келиндин укугун коргоп митингге чыгышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 10-июлда жарандык активисттер Таласта зордуктоого кабылганы айтылган Калия Арабекованын укугун коргоп Башкы прокуратуранын имаратынын алдына митингге чыгышты. «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова «Азаттыкка» бул иш боюнча алты жылдан бери калыс чечим чыкпай келатканын билдирди:

- Калиянын тагдыры миңдеген кыргыз аялдарын кейитип жатат. Бүгүнкү күндө мыйзамдуулук орношу керек. Президент былтыр биз менен жолукканда да «сот системасы иштеши керек, акыйкат болуш керек, эч кандай туугандык болбошу керек» деп айткан. Биз ошону ишке ашырганга болгон аракетибизди жумшап жатабыз. 15-июлда тарыхый чечимди күтөбүз. Мыйзамдуулук Кыргызстанга келиши керек.

Укук коргоочулар менен Башкы прокуратуранын башкармалыгынын башчысы Умар Токтакунов жолугуп, 15-июлда боло турган сотто алардан өкүл катышарын белгиледи.

Окуя 2013-жылы болгон. Калия Арабекова аттуу келин аны «алимент алып келдик» деген шылтоо менен Талас облустук сотунун сот аткаруучулары Илгиз Карымбаев, Алтынбек Алыбаев жана Мукаш Кененсариев чакырып кетип, зордукташканын айткан.

Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту боюнча («Топтошуп зордуктоо») иш козголуп, ар бири сегиз жылдан эркинен ажыратылганы менен камакка алынган эмес жана кийин акталган.

Арабекова соттолуучулар тиешелүү жазасын алышын талап кылууда.

Бул иш азыр Жогорку сотто каралып жатат. 15-июлда акыркы чечим чыгары күтүлүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG