Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:01

Иркутск облусундагы ташкындан өлгөндөр 24 адамга жетти


Иркутскиде 25-июнда башталган нөшөрдөн улам беш чоң дарыядан суу ташкындаган.
Иркутскиде 25-июнда башталган нөшөрдөн улам беш чоң дарыядан суу ташкындаган.

10-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустагы расмий адамдарынын жаңы маалыматына караганда, дагы 10 адам дайынсыз болуп жатат. Ошондой эле суук тийген, катуу үшүп калган жана ар кандай жаракат алган 486 адам дарыланууда, алардын 116сы балдар.

Буга чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү суу ташкыны 107 шаарды жана айылды каптап, 10 800дөн ашык үйгө суу киргенин, 30 000 адам көчүрүлгөнүн маалымдаган.

Иркутскиде 25-июнда башталган нөшөрдөн улам беш чоң дарыядан суу ташкындаган.

Суу каптаган аймакты тазалоо иштери жүрүп жатат. Баштапкы маалыматтарга караганда, зыяндын көлөмү 29 миллиард рублга бааланып жатат.

XS
SM
MD
LG