Беларустун финансы министринин орун басары Андрей Белковецтин кабарлашынча, Кытайдан 600 миллион доллар карыз алуу боюнча сүйлөшүүлөр аяктады. Бул каражат Беларустун Орусиянын алдындагы каразын төлөөгө жумшалмакчы.
- Биз Орусиядан дагы бир насыя алууну пландаганбыз, бирок кытайлык өнөктөштөрүбүздөн альтернатива тапканыбызга байланыштуу биз аны токтоттук, - деди Белковец 9-июлда.
Бир канча апта мурда финансы министри Максим Ермалович Орусия менен эки тараптуу талаш маселелер көбөйүп кеткендиктен башка өлкөдөн карыз алууга аракет кылып жатышканын айткан.
Орусия узак жылдар бою Беларустун негизги кредитору болуп келген.
Беларустун тышкы карызы 16,7 млрд. долларды түзөт.