Нью-Йорктун апелляциялык соту АКШнын президенти Дональд Трампка «Твиттердеги» жеке баракчасына катталгандардын мүмкүнчүлүктөрүн чектөөгө тыюу салды. Сот чечимди АКШ Конституциясындагы жарандардын сөз эркиндиги тууралуу беренелерине таянып чыгарган. Буга чейин да Нью-Йорктун округдук соту ушундай эле чечим чыгарган.
Бирок АКШнын Юстиция министрлиги бул маселе байланыштуу Нью-Йорктун округдук сотунун чечимин сындаган. Министрликтин маалыматы боюнча, Трамп жеке баракчасында болгону түрдүү маселелер тууралуу өз пикирин жарыялап турат жана аны мамлекеттик кызматкердин коомдук диалог жүргүзүүчү жайы деп айтууга болбойт. Нью-Йорктун апелляциялык соту аны колдогон жок.
Дональд Трампты сотко «Твиттердеги» жети колдонуучу берген. Анын «Твиттер» баракчасында 62 миллионго чукул киши катталган.