Франциянын өкмөтү өлкөдөгү аэропорттордон жүргүзүлгөн бардык авиакаттамдарга кийинки жылдан тартып экологиялык салык киргизүүгө камынууда. Салыктын өлчөмү билеттин баасына жараша болмокчу.
Транспорт министри Элизабет Берндин айтымында, Франция айлана-чөйрөнү коргоо максатында башка өлкөлөрдөн үлгү алууну чечти. Кийинки жылдан тартып Францияда учкан жүргүнчүлөр билет үчүн азыркыдан кымбатыраак акы төлөөгө туура келет.
Ички каттамдарга же Евробиримдиктин аймагындагы эконом класстагы билеттин баасына 1,5 евро кошулат. Шаркеттин сыртына бизнес-класс менен учуу 18 еврого кымбатыраак болушу мүмкүн. Бул салык Франциядан учкан кайсы өлкөнүкү болбосун, бардык авикомпанияларга киргизилмекчи.
Ал эми транзит жүргүнчүлөр бул экологиялык салыктан бошотулат. Жылына 180 миллион евро киреше түшүп турат деп болжолдонууда. Ал каражат айлана-чөйрөгө азыраак зыян келтирген транспортту, мисалы темир жолдорду өнүктүрүүгө жумшалмакчы.
Француз президенти Эммануэл Макрондун өкмөтү экология жаатында бир топ демилгелерди көтөрүп, жоболорду киргизүүгө аракет кылып жатат. Бирок былтыр «сары желеткечендердин» каршылыгынан кийин күйүүчү майга салыкты көтөрүү планынан баш тартууга аргасыз болду.