Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:54

ЖАМК: Салянова дарыгердин көзөмөлүндө


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын саламаттыгына байланыштуу билдирүү таратты. Мекеменин басма сөз кызматы Элеонора Сабатарованын маалыматына караганда, Салянова Бишкектеги №1 тергөө абагында керек болгон медициналык жардам алып, дарыланууда. Учурда анын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык экени, дайыма медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө экени маалыматта белгиленген.

Буга чейин Аида Салянованын абалы соңку эки күндө оорлоп кеткенин, «муну кыйноого кабылып жатат десе болорун» адвокаты Рабига Сыдыкова айтып чыккан. Ал ооруканадан шашылыш чыгарылганын, учурда ага операция жасалышы керек экенин айткан.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынган мурдагы башкы прокурор Салянова Бишкектин №1 тергөө абагында кармалууда.

Ал 15-июнда ооруканага которулуп, бирок 14 күндөн кийин кайра абакка жеткирилген. Туугандары ага жүрөк илдетинен тышкары «пневмония» деген диагноз коюлганын айтууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG