Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

Сот чечимдерине нааразы адамдар Назарбаевдин кеңсесинин алдына чогулду


Мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин баш калаадагы кеңсесинин алдына чогулган адамдар. 10-июль, 2019-жыл.
Мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин баш калаадагы кеңсесинин алдына чогулган адамдар. 10-июль, 2019-жыл.

Казакстандын ар кайсы аймагынан келген ондогон адам «Нур-Отан» партиясынын лидери, мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин баш калаадагы кеңсесинин алдына чогулду. Өздөрүнө же жакындарына чыгарылган сот өкүмдөрүнө нааразы болгон 30дай адам судьялардын чечимдерин кайра карап чыгыш үчүн атайын комиссия түзүүнү талап кылышууда.

Алар өз алдынча сот адилеттигине жетүү аракеттеринен майнап чыкпагандан кийин Назарбаевге кайрылып жатышканын айтып, Жогорку соттун төрагасы Жакып Асановдун кызматтан кетишин талап кылышты.

Бир күн мурда ушул эле адамдар президент Касым-Жомарт Токаевдин администрациясынын алдына чогулуп, мамлекет башчысы менен жолугууну талап кылышкан.

Бул сот адилеттегине нааразы болгон адамдар 4-июнда да бийликтеги «Нур-Отан» партиясынын алдынды митинг өткөрүшкөн болчу.

Быйыл президенттик кызматынан кетип, бирок бийликте бир катар ыйгарым укуктарын сактап калган Нурсултан Назарбаевдин расмий кеңсеси Акордодон туңгуч президенттин китепканасы орун алган Назарбаев борборуна жайгашкан.

XS
SM
MD
LG