Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Баткен: Тажикстанда дайынсыз деп айтылган жаран аткезчилик боюнча кармалган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстанда дайынсыз деп айтылып жаткан жаран аткезчилик боюнча кошуна өлкөдө укук коргоо кызматтарында кармалып турат. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровдун «Азаттыкка» айтканы боюнча, тиешелүү кызматтар аркылуу кыргызстандык жарандын дайыны такталды.

- Тажикстандын мыйзамдарына ылайык чек арадан мыйзамсыз жүк ташуу боюнча иш козголуптур, учурда кармалып турат, - деди ал.

Мадумаров бул окуяга байланыштуу укуктук жардам берүү, жакындары менен жолуктуруу боюнча элчилик аркылуу да аракет жүрүп жатканын кошумчалады.

Өткөн жуманын соңунда Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Достук айылынын тургунун «тажикстандык өнөктөштөрү уурдап кетти» деп жакындары милицияга кайрылышкан. Алардын айтымында, кабарсыз деп айтылып жаткан 27 жаштагы Газыбек Мейлибаевди чогуу соода кылып жүргөн өнөктөштөрү «акчаңды алып кет» деп Тажикстандын аймагына чакырышкан. Ошол бойдон кайтып келген эмес. «Жыйынтык болбой жатат» деп 9-июлда Достук айылынан 150дөй тургуну облус жетекчиси менен жолугушуп, жардам сурашкан. (JsA)

XS
SM
MD
LG