Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:13

Кой-Ташта жоокерлерди сабагандар түрмөдөн бошотулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кой-Таштагы №73809 аскердик бөлүктөгү мыйзамды жана тартипти бузууга байланыштуу камалган үч офицер түрмөдөн бошотулду. Мындай чечимди Чүй облустук соту чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастады. Маалыматка караганда, сот бул ишти 4-июлда караган. Эки эпизод боюнча иш кыскарып, бирөөсү калган.

Буга чейин Аламүдүн райондук соту Кой-Таштагы №73809 аскердик бөлүктөгү мыйзамды жана тартипти бузууга байланыштуу аскердик бөлүктүн командирин жана старшинаны 2,6 жылга, прапорщикти 3 жылга эркинен ажыраткан.

Жоокерлердин укугун коргоп чыккан «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова сот тууралуу аларга эч кандай маалымат берилбегенин «Азаттыкка» билдирди.

Буга чейин «Азаттык» радиосуна Кой-Таш аскер бөлүгүнүн «Ала-Тоо» полигонунда кызмат өтөп жаткан айрым жоокерлердин ата-энелери арыз менен кайрылган. Алар жетекчилик былтыр жазында армияга чакырылган жигиттерди башка бирөөлөргө жалдап бергенин, кара жумушка салганын, ур-токмокко алып, мазактап-кордогонун жана уставга жат иштерге барганын билдиришкен. Жоокерлердин бири Бишкектеги республикалык психикалык саламаттык борборуна жатып калган. Бишкек гарнизондук прокуратурасы окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси («Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу») менен кылмыш ишин козгоп, үч офицерге айып коюлган.

Бул окуядан соң президент Сооронбай Жээнбеков аскердик бөлүктөгү мыйзамды жана тартипти бузуунун себептерин иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну тапшырган.

Жоокерлерди мазактоо тууралуу коомчулукка жарыяланган соң Чүйдөгү Кой-Таш аскер бөлүгүнүн командири Болот Көчкөнов кызматтан алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG