Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-октябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 11:20

Жээнбеков Швейцариянын президенти Ули Маурер менен жолугушту (видео)


Сооронбай Жээнбеков менен Ули Маурер.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун Швейцарияга расмий сапары Берн шаарындагы Лон Манор резиденциясында бул өлкөнүн президенти Ули Маурер менен жолугушуу аземинен кийин башталды.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн мамлекет башчылары тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Андан соң жолугушуу кеңейтилген курамда уланат.

Визиттин алкагында Сооронбай Жээнбеков Федералдык Жыйындын Улуттук Кеңешинин төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Улуттук банктын төрагасы Томас Йордан менен жолугат. Мамлекет башчы Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугуп, ага Кыргызстандан барган ишкерлер катышат.

Президент Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын президенти Ули Маурердин чакыруусу менен 9-июлда барган. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (16)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG