Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Арменияда электрдин жапырт өчүшү иликтенүүдө


Арменияда электр энергиясы жапырт өчкөн учурлар буга чейин да болгон.
Арменияда электр энергиясы жапырт өчкөн учурлар буга чейин да болгон.

Армениянын Аймактык башкаруу жана инфратүзүм министрлиги электр энергиясынын жапырт өчүшүнө алып келген жагдайды иликтеп жатат.

Маалыматтарга караганда, 10-июлда биринчи Раздан ГЭСинин бешинчи блогу токтоп калган, андан кийин Ереван ЖЭБинде энергия бөлүп чыгаруу үзгүлтүккө учураган. Мындан тышкары башка да майда ГЭСтерде электр энергиясын иштеп чыгуу азайып кеткен.

«Азыркы учурда системада термелүү жок, туруктуу иштеп жатат. Калыбына келтирүү иштери уланууда жана электр энергиясы менен камсыздоо акырындык менен ордуна келе баштады», - деп айтылат Армениянын Аймактык башкаруу жана инфратүзүм министрлиги тараткан маалыматта.

Электр кубаты келбей калганына байланыштуу Ереван метросунун иши да токтоп калган. Арменияда электр энергиясы жапырт өчкөн учурлар буга чейин да болгон.

XS
SM
MD
LG