Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:23

Британиянын АКШдагы элчиси кызматтан кетет


Элчи Ким Даррок.
Элчи Ким Даррок.

Британиянын АКШдагы элчиси Ким Даррок анын президент Дональд Трамптын ишмердигине берген терс баасы тууралуу маалыматтар ачыкка чыгып кеткенден кийин кызматтан кетет. Элчи Лондонго жазган дипломатиялык жашыруун катында Трампты «жөндөмү жок», «компетенттүү эмес» жетекчи катары мүнөздөгөн.

Премьер-министр Тереза Мэй дипломаттын элчилик кызматтан кетип жатканына өкүнөрүн билдирди:

- Мен бүгүн эртең менен Ким Даррок менен сүйлөштүм. Мен анын Вашингтондогу элчилик кызматын тапшырууну зарыл деп тапкан чечимине байланыштуу өкүнүчүмдү билдирдим.

Дипломат акыркы күндөрү түзүлгөн жагдай ага мындан ары элчи катары өз ишин аткарууга мүмкүндүк бербей турганын айткан. Анын элчи катары кызмат мөөнөтү быйыл аяктамак.

АКШнын президенти Дональд Трамп британ элчиси Ким Даррок менен мындан ары иштешпей турганын билдирген.

Британ өкмөтү элчинин Лондонго жазган жашыруун каттарынын коомчулукка жарыяланып кеткенин «жагымсыз окуя» катары мүнөздөгөн.

XS
SM
MD
LG