Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:23

ЖМК: ишкер Каримовдун өлүмү үчүн Кыргызстанда туулган адам шек саналууда


Маркум Камчыбек Каримов.
Маркум Камчыбек Каримов.

Орусиялык URA.ru маалымат агенттиги укук коргоо органдарындагы булактарына таянып, Екатеринбургда кыргызстандык ишкер Камчыбек Каримовго кол салууну Кыргызстанда туулган киши уюштурганын жазып чыкты.

Агенттиктин маалыматына караганда, бул кылмышка байланыштуу «Зама» деген каймана аты бар Замир аттуу аттуу, Кыргызстанда төрөлгөн, бирок Орусиянын жараны шек саналып жатат. Ал буга чейин оор кылмыш үчүн бир нече жыл түрмөгө кесилип, жакында эле түрмөдөн чыкканы маалымдалды. Анын Каримов менен мурунтан тааныштыгы болгону, 2-июлда «Таганский ряд» базарында ишкердик кылган маркумдун жанында ири суммадагы акча болорун мурдатан билип, аны карактоо максатында кол салуу уюштурганы айтылууда.

5-июлда Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлү Раимбек Салимов Каримовго кол салган эки кишинин аты-жөнү аныкталганын, аларды издөө иштери жүрүп жатканын «Азаттыкка» билдирген. Бирок алардын жарандыгы, тек-жайын айткан эмес.

Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасынын башчысы, ишкер, 54 жаштагы Камчыбек Каримовду быйыл 2-июлда үйүнүн жанында белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Анын ичине, бутуна ок тийип, «Тез жардам» келгенде каза тапкан. Маркумдун жанында 19 миллион рубль болгону кабарланган.

Кылмыш боюнча Орусиянын Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү» беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Маркумдун сөөгү 5-июлда кичи мекени, Ош облусунун Кара-Суу районуна жеткирилип, жерге берилген.

XS
SM
MD
LG