Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Восточное айылындагы мушташ тууралуу маалымат берди. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Нургүл Нусупова «Азаттыкка» билдиргендей, 10-июлдагы окуяны калайман мушташ жана улут аралык чыр деп атоого болбойт. Мушташ коңшулардын суу талашынан улам, турмуштук негизде келип чыккан.
Нусупова бул окуяга байланыштуу Восточное айылына коңшулаш Искра кыштагында эл топтолуп турганы, ал жакка милициянын кошумча күчү тартылганы тууралуу маалыматтарды четке какты.
Кабарга караганда, 10-июлда коңшулардын суу талашы мушташка чейин жетип, андан үч киши жабыр тартып ооруканага жеткирилген. Алардын экөө ата-бала, бирөө урушкандарды ажыраткан айыл тургуну.
Милиция кызматкерлери келгенден кийин мушташ токтогону, окуя «Бейбаштык» беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганы, шектүү катары эки киши кармалганы, үчүнчүсү бейтапканада болгондуктан кайтарууга алынганы кабарланды.
Азыр сотко чейин өндүрүш ишинин алкагында тергөө уланууда. Мушташка кыргыз-дунган улутундагы коңшу жашаган жарандар аралашканы айтылууда. (NT)