Ысык-Көлдөгү «Хан-Теңири» лагеринде эки кишини өлтүрүп, бир адамды барымтага алганы кабарланган адамга мамлекеттик издөө жарыяланды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
4-июлда Ак-Суу районундагы «Хан-Теңири» альплагеринде бир киши эки адамды атып өлтүрүп, үчүнчүсүнө бычак сайып, бир аялды барымтага алып качып кеткени кабарланган. Ошол эле күнү ал барымтадагы аялды бошоткон. Бычак тийген адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Кылмыш үчүн ошол эле лагерде иштеген Сергей Смирнов аттуу киши шектүү катары изделип жатат.
Кол салууга туш болгондор ошол лагердин кызматкерлери экени айтылган. (КЕ)