Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

Атамбаев экинчи жолу да ИИМге суракка барган жок


Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө тарапкерлери менен жолугушууда. 27-июнь, 2019-жыл.
Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө тарапкерлери менен жолугушууда. 27-июнь, 2019-жыл.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев экинчи жолу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка барган жок. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна адвокат Сергей Слесарев билдирди:

- Мен азыр ИИМге кайрадан кат даярдап жатам. Алар кол тийбестиги бар кишини суракка чакыруу менен алар кайрадан мыйзамды бузуп жатышат. Дагы бир жолу кошумча нормативдик актылар аркылуу биздики туура экенин түшүндүрүп кат жөнөтөм.

Жактоочу 10-июлда ИИМде болуп келгенин, өз позициясын оозеки түрдө түшүндүргөнүн, ошого карабай чакыруу келгенин айтты. Ошондой эле Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыратуу боюнча парламенттин чечими мыйзамсыз экенин билдирип жатат.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге экинчи чакырууну 10-июлда жиберген. Анда Атамбаев күбө катары 11-июлда эртең менен саат 10:00гө Тергөө кызматына барышы керек экендиги жазылган.

Биринчиси 8-июлда берилип, ал кезде Атамбаев Кой-Таштагы үйүнүн алдында чогулуп турган тарапкерлери менен жолугушууга чыккан учурда суракка барбай турганын айткан. Буга азыркы бийликке ишенбестигин жана мыйзамсыз иштер орун алып жатканын жүйө келтирген.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президенттик жана кол тийбестик макамынан ажыраткан.

Ага чейин, 25-июнда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте Алмазбек Атамбаев 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу боюнча жеке өзү тапшырма бергенин билдирген.

ИИМдин Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу быйыл жыл башында жанданган кылмыш ишин иликтөөдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG