Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:47

Музейдеги баалуу эки сүрөт жасалма экени аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейиндеги баалуу эки сүрөттүн жасалма экени аныкталды. Бул тууралуу музейде жоголгон сүрөттөрдүн жана мурдагы директор Юристанбек Шыгаевдин тегерегинде түзүлгөн эксперттик комиссия музейдин фондунда турган 250 сүрөттү текшерип чыккандан кийин белгилүү болгон. Сүрөтчүлөр бирикмесинин төрагасы, комиссия жетекчиси Таалай Усубалиевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, дагы бир сүрөт шек жаратып жатат.

- Комиссия 250дөй ишти текшерди, - деди ал. - Ошонун ичинен экөө иш бөлмөсүндө чыгып жатат. Дагы бирөө шек туудуруп жатат. Аны да изилдеп атабыз. Мыльников менен Моисеенконун сүрөттөрү так чыгып жатат, экөө тең атактуу сүрөтчү болгон. Эмгектери абдан баалуу.

Музейдин мурдагы директору Юристанбек Шыгаев бул жыйынтыкты четке кагып, «Азаттыкка» комиссия бир тараптуу иштеп жатканын билдирди. Ал комиссия толук жыйынтыгын чыгарып бүткөндө бул дооматтарга жооп берерин айтты.

Буга чейин музейдеги сүрөттөрдүн жоголушун иликтеш үчүн түзүлгөн комиссия Шыгаев Николай Сверчковдун кыл калеминен жаралган «Ит менен ат» жана Николай Генин «Бакуниндин портрети» аттуу сүрөттөрүнүн түп нускасын алганы аныкталганын билдирген. Ошондон кийин Шыгаев кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. (КЕ/ZA)

XS
SM
MD
LG