Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:25

Шыкмаматов: «Ата Мекен» - системалуу оппозиция


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясы 2016-жылдан тартып системдүү оппозиция. Бул тууралуу фракциянын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов «Азаттыктагы» маегинде билдирди. Ал Кыргызстандагы оппозиция жана алардын орду туурасында пикирин айтты:

- Биз сот реформасын, өкмөттүн кадр саясатынын, экономиканы алдыга жылдыра турган концепциясынын, инвестиция тартуу боюнча реалдуу ишинин жоктугун сындап, жер байлыгы боюнча мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясаты туура эмес экенин айтып келебиз. Ошону менен биз ашынган радикалдардан айырмабыз ушул. Ашынган радикал деп биз Атамбаевдин (мурдагы президент Алмазбек Атамбаев – ред.) позициясын айтабыз. Анткени ал «бийликти тааныбайм, тергөөчү менен атышам, куралым бар, бийлик менен согушам» деген, «мыйзамды, бийлик инститтуттарын тааныбайм» деген позициясын билдирүүдө. Мадумаровду («Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери – ред.) радикал десек болот. Ал ашынган радикалдардан айырмаланат, мамлекеттик институтту, Конституцияны тааныйт, бирок «шайлоо легитимсиз болгон» деп айтып келатат.

Шыкмаматов өнүккөн, демократиялуу өлкөлөрдө оппозициянын түрү болорун жана саясий көз карашы үчүн эч ким камалбашы керек экенин айтты. Ал «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө отурган лидери Өмүрбек Текебаевди мисал келтирип, сот реформасы ишке ашпай жатканын, соттордун көз каранды болуп жатканын белгиледи.

Буга чейин «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Асия Сасыкбаева «Азаттыктын» «Эки бир» берүүсүндөгү маегинде сот Өмүрбек Текебаевди түрмөдөн чыгарбаса партия толугу менен оппозицияга кете турганын билдирген.

16-июлда Текебаевдин жана аны менен кошо камалган мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши жаңы жагдайлар боюнча сотто каралат. (КЕ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG