Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

ИИМ: Атамбаевди суракка чакыруу мыйзам чегинде жүргүзүлөт


Ички иштер министрлигинин имараты.
Ички иштер министрлигинин имараты.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка чакыруу процесси мыйзамда кандай көрсөтүлсө ошонун чегинде жүргүзүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. «Ким качан жана канча жолу чакырыла турганы жаңы Жазык-процессуалдык кодексте так жазылган. Чакыруу процесси мыйзамда кандай көрсөтүлсө ошонун чегинде жүргүзүлөт», - деп жазылган мекеменин басма сөз кызматынын маалыматында.

Бүгүн, 11-июлда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев экинчи жолу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка барбай койгон. Адвокат Сергей Слесарев ИИМ Атамбаевди суракка чакыруу менен мыйзамды бузуп жатканын белгилеп, ИИМге кат жөнөтөрүн «Азаттыкка» билдирген.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге экинчи чакырууну 10-июлда жиберген. Анда Атамбаев күбө катары 11-июлда эртең менен саат 10:00гө Тергөө кызматына барышы керек экендиги жазылган.

Биринчиси 8-июлда берилип, ал кезде Атамбаев Кой-Таштагы үйүнүн алдында чогулуп турган тарапкерлери менен жолугушууга чыккан учурда суракка барбай турганын айткан. Буга азыркы бийликке ишенбестигин жана мыйзамсыз иштер орун алып жатканын жүйө келтирген.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президенттик жана кол тийбестик макамынан ажыраткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG