Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:20

Кыргызстандык акын Казакстанда Абай медалы менен сыйланды


Перизат Алмаз кызы.
Перизат Алмаз кызы.

Кыргызстандык акын Перизат Алмаз кызы Казакстандын Абай медалы менен сыйланды. Сыйлык «Казак-Кыргыз адабий-маданий алакаларын жүргүзүп, Абайды Манастын тилинде сүйлөткөнү үчүн» берилген. Бул тууралуу Кыргыз улуттук жазуучулар бирикмесинин катчысы Чолпон Орозалиева кабарлады. Маалыматка ылайык, бул медал кыргызстандык акынга Казакстандын борбору Нур-Султанда өтүп жаткан «Евразия борборлорунун жазуучулары» эл аралык форумунда тапшырылды.

«Дүйнөлүк адабият: стереотиптерди жоюу» деп аталган эл аралык форумга Испания, Монголия, Египет, Бириккен Араб Эмираттары, Тажикстан, Украина, Түркия, Азербайжан, Израил, Өзбекстан, Армения, Орусия өңдүү бир катар өлкөлөрдөн акын-жазуучулар жана адабият уюмдарынын жетекчилери катышкан.

4-5-июлда Нур-Султанда өткөн иш-чарага Кыргызстандын атынан Кыргыз улуттук жазуучулар бирикмесинин төрагасы Нурлан Калыбеков жана жаш калемгер Перизат Алмаз кызы катышып келди. Форум Казакстан Жазуучулар бирикмесинин демилгеси менен алгачкы ирет уюштурулуп жатат. (ZA)

XS
SM
MD
LG