Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Пакистанда поезд кырсыгында 10дон ашык адам мерт болду


Кырсык болгон жерден тартылган сүрөт. 11-июль, 2019-жыл.
Кырсык болгон жерден тартылган сүрөт. 11-июль, 2019-жыл.

Пакистанда 11-июлда эл ташып бараткан поезд жолдо жүк жүктөлүп турган вагонду сүзүп алып, кеминде 11 адам ажал тапты, дагы ондогон адам жабыркады.

Полициянын өкүлү Хафиз Бути өлгөндөрдүн саны мындан да көп болушу мүмкүн экенин, жабыркагандардын арасында үчөөнүн абалы өтө оор экенин билдирди. Анын айтымында, кырсыктаган поездде камалып, чыга албай калган жүргүнчүлөр да бар.

Полициянын жетекчиси Умер Саламат кырсыктаган поезд Лахор шаарынын Белужистан провинциясын көздөй жол тартып баратканын айтты. Окуя таңга маал, Рахим-Яр-Хан шаарына жакын жердеги станцияда болгон. Кагылышуудан кийин поезддин кеминде үч вагону жолдон чыгып кеткен, башкы вагон толугу менен кыйраган. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз.

Пакистанда адам өлүмү менен аяктаган поезд кырсыктары буга чейин да болгон. Темир жолдордун басымдуу бөлүгү XX кылымдын биринчи жарымында, британ оторчулугунун тушунда курулган жана ошондон бери дээрлик жаңыртылган эмес.

XS
SM
MD
LG