Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Москва: Крым татарларынын таламын талашкандар камалды


Өткөн айда экстремисттик уюмдун мүчөсү деген шек менен беш Крым татары соттолгон.
Өткөн айда экстремисттик уюмдун мүчөсү деген шек менен беш Крым татары соттолгон.

Орусиянын борбору Москва шаарындагы Кызыл аянтка 10-июлда крым татарларын куугунтуктоону токтотууну талап кылып чыккан жети активистти полиция кармап кетти. Калгандары качып кеткенге үлгүрдү. Жалпысынан акцияга жарым аралдан келген 20дай киши чыккан.

Алар Крым татарлары террорчулукка катышы бар деген шек менен кармалып жатканына нааразылык билдиришкен.

Өткөн айда Ростов-на-Дону шаарынын аскердик соту «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун белдүү мүчөсү деп саналган беш Крым татарын эркинен ажыраткан.

Алардын бири Теймур Абдуллаевге Симферополдо аталган уюмдун бөлүмүн түзгөн деген айып коюлуп, 17 жылга эркинен ажыратылган. Калгандары 12ден 13 жылга чейин кесилген.

Крым татарлары өздөрүнө коюлган айыпты четке кагып келишет. Алардын адвокаттары доо арыз менен соттун жогорку инстанциясына кайрылышкан.

Москва Крымды аннексиялап алгандан бери Орусияда тыюу салынган уюмга мүчө болгон деген негизде ал жакта жашаган 70тей киши кармалган.

«Мемориал» укук коргоо уюму 2014-жылы Крым татарлары Орусияга кошулууга каршы чыкканы үчүн Москва аларды куугунтуктап жатат деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG