Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:52

Украина: Зеленский аткаминерди жыйындан кууп чыкты


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 10-июлда Борисполдо жыйын өткөрүп жатканда шаардык кеңештин катчысын залдан кууп чыкты. Президент Ярослав Годунок «адамга оор жаракат келтирип, каракчылык кылган» деген айып коюлганы тууралуу маалыматты Итернеттен таап алгандан кийин, аткаминерге: «Бул жактан чыгып кет, каракчы» деп кайрылды.

Шаардык оорукананын начар абалы, шарты тууралуу талкуу болуп жатканда Годунок баса-баса сүйлөп Зеленскийдин көңүлүн өзүнө бурдурган эле.

Аткаминер өзү жыйындагы окуяны «цирк» деп атады жана Зеленскийдин «ар бир украиналык – президент» деп айтканын эске салды. Буга мамлекет башчы «президент кылмыш кылган эмес» деген мааниде жооп кайтарды.

Белгилүү куудул, актер Владимир Зеленский май айында президент болуп шайланган.

 

XS
SM
MD
LG