Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:30

«Эркин Европа/Азаттык» радиосун Жейми Флай жетектейт


Жейми Флай.
Жейми Флай.

Жейми Флай «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти жана аткаруучу директору болуп дайындалды. Анын кызматтык мөөнөтү 1-августта башталат.

- Жейми Флайдын геосаясатты аңдай билгени, адам укуктарына карата мамилеси, Вашингтондогу жана дүйнөдөгү карым-катышынын калыңдыгы аталган медиакорпорациянын башчысынын кызматына кынтыксыз талапкер кылды. Анын жардамы менен «Азаттык» радиосу Чыгыш Европадагы, Борбор Азиядагы, Ооганстандагы, Пакистандагы жана Ирандагы бардык платформада өтө жогорку сапаттагы берүүлөрдү даярдап, таратууну улантат, - деп билдирди АКШнын Глобалдык медиа боюнча агенттигинин башчысы Кен Вайнштейн.

Жейми Флай - тышкы саясат боюнча адис. Ал АКШдагы Герман Маршалл атындагы фонддо, Конгрессте иштеген. Улуттук коопсуздук боюнча кеңеште, Коргоо министрлигинде ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Флай өзүнүн жаңы кызматка дайындалганы тууралуу комментарий берип жатып:

- «Азаттык» радиосун жетектөө мен үчүн чоң сыймык. Андагы кызматкерлер ар дайым алдыда жүрүшөт жана өздөрүнүн аудиториясына эркин маалымат жеткиришет. Мен мындай маанилүү миссияны аткарууга аралаша турган күндү чыдамсыздык менен күтүп жатам, - деди.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосу коммерциялык эмес медиакорпорация жана өзүнүн ар кандай платформадагы (Интернет, радио, телевидение, видео) берүүлөрүн дүйнөнүн 22 өлкөсүндө таратат. Корпорацияны АКШнын Конгресси каржылайт.

XS
SM
MD
LG