Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:48

Алексей Навальный абактан чыкты


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусияда оппозициячыл саясатчы, коррупцияга каршы блогдору, иликтөөлөрү менен белгилүү Алексей Навальный он күндүк административдик жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу 11-июлда абактан чыкты.

Ал ушул айдын башында 12-июнда болгон журналист Иван Голуновду колдогон акцияга катышканы үчүн соттолгон.

Тергөөчүлөр Навальныйды «жүздөгөн адам менен жүрүшкө чыгып, жолдорду тороп, транспортко жана жөө жүргүнчүлөргө жолтоо болгон» деп айыптаган. Навальный болсо өз кадамын туура деп эсептей турганын билдирген.

Бул Навальныйдын быйыл биринчи жолку камалышы болду. Соңку жылдары ал ар кандай себептер менен 12 жолу камалып, жалпысынан 200дөй күн темир тор артында өткөрдү.

Иван Голуновду колдоо акциясында жалпысынан 400дөй киши кармалган. «Медуза» басылмасынын иликтөөчүсү Иван Голунов 6-июнда баңгизат соодасы боюнча кармалып, үй камагына алынган. 11-июнда журналисттин кылмышка катышы далилденбегендиктен, кылмыш иши токтотулган.

XS
SM
MD
LG