Орусиянын Москва облусунун Мытищи аймагындагы «Түндүк» жылуулук электр станциясында өрт чыгып, бир адам каза тапты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дагы 13 адам жабыркаганын билдирди.
ТАСС маалымат агенттиги өзүнүн булактарына таянып, өрт жогорку чыңалуудагы газ станциясында тутанганын жазды.
Электр станциясынын жанында «Июнь» деп аталган ири соода борбору жана курулуп бүтө элек жатакана бар.
Мытищидеги «Түндүк» жылуулук электр борбору 1992-жылы ишке берилген. Анда негизинен табигый газ жагылат жана станциянын кубаттуулугу 1060 МВт.