Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:48

Москвада Жээнбеков менен Путин жолугушту


Бишкекке келген Владимир Путинди аэропорттон Сооронбай Жээнбеков тосуп алган. 13-июнь, 2019-жыл.
Бишкекке келген Владимир Путинди аэропорттон Сооронбай Жээнбеков тосуп алган. 13-июнь, 2019-жыл.

Кремлдин расмий сайты жазып чыккандай, бүгүн, 11-июлда Москвада Кыргызстандын жана Орусиянын президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин жолугушуусу өттү. Жээнбеков Швейцариядан кайтып келатып Москвада кыска мөөнөттө иш сапар менен болду.

Путин Москвага тийип өтүп, эки тараптуу алакалардын бүгүнкү абалы тууралуу сүйлөшүүгө убакыт тапканы үчүн Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Жээнбеков да Путинге ыраазычылык билдирип, кыргыз-орус мамилеси, достук жана өнөктөштүк ийгиликтүү өнүгүп жатканына токтолду. Ошоной эле Орусия президентинин буга чейин Кыргызстанга болгон сапары жемиштүү болуп, анда алты миллиард долларлык 50дөн ашык келишимге кол коюлганын эске салды. Путиндин колдоосу менен Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду натыйжалуу иштеп, Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине ылайыкташуусу үчүн 200 миллион доллар бөлүнгөнүн айтты. Орусиянын өлкөнүн бюджетин колдогонун бийлик жогору баалай турганын белгилеп, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) сессиясынын алкагында Путиндин Кыргызстанга келишин күтө турганын кошумчалады.

Орусия лидери Шанхай Кызматташтык Уюмунун 14-июнда Бишкекте өткөн саммитине катышкан.

Эки тараптын жолугушуусу тууралуу Кыргызстандын президенттик аппараты тараткан маалыматта өлкө башчылар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы актуалдуу маселелерди, ЖККУнун сессиясына даярдыктарды талкуулаганы айтылат.

ЖККУ саммити быйыл 28-ноябрда Бишкекте өтөт. Сооронбай Жээнбеков 9-11-июлда Швейцарияда расмий сапар менен болду. (NT)

XS
SM
MD
LG