Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:29

Бишкекте Борбор Азияда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу талкууланат

Кыргызстандык куткаруучу иш учурунда.
Кыргызстандык куткаруучу иш учурунда.

Бишкекте бүгүн, 12-июлда Борбор Азия мамлекеттеринин өзгөчө кырдаалдар боюнча мекемелеринин аймактык форуму өтөт.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, иш-чара «Борбор Азия+Жапония» диалогунун алкагында уюштурулуп жатат.

Анда чөлкөмдөгү өзгөчө кырдаалдардын, жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу, алардын кесепеттерин жоюу багытындагы өз ара кызматташтык ортого салынат. (NT)

XS
SM
MD
LG