АКШ Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зарифке санкция киргизе элек. "Reuters" агенттиги Вашингтон Зарифке азырынча санкция киргизбей турууну чечкенин кабарлады.
Бул чечим Кошмо Штаттардын Иран менен болгон чыңалууну дипломатиялык жол аркылуу чечүүгө кызыкдар экенинин белгиси болушу мүмкүн экенин 11-июлда эки булактан алынган маалыматка таянып жазды. Бирок алар мындай чечимдин себебин так айткан эмес.
АКШнын расмий өкүлдөрү бул айтылгандар тууралуу маалымат бере элек. Американын финансы министри Стивен Мнучин июндун этегинде президент Дональд Трамп Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зарифке санкция салуу милдетин өзүнө жүктөгөнүн билдирген.
Өз кезегинде Зариф Трамптын администрациясын «согушту көксөп жатат» деп айыптаган.
Ирандын тышкы иштер министри кийинки аптада АКШда БУУнун алкагындагы жолугушууга барары күтүлүп жатат. Америкага кирүү үчүн Вашингтон ага виза бериши керек.