Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 02:58

Түркиянын «Маариф» фонду Ош мэриясына кызматташтык сунуш кылды


Түркия менен Кыргызстандын желектери.

Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров 11-июль күнү Түркиянын «Маариф» фондунун Жахит Бакчы баштаган өкүлдөрү менен жолугушту.

Анда эки тараптуу кызматташуу тууралуу сөз болду. Шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, вице-мэр Нурбек Кадыров мэрия инвесторлор менен иштөөгө даяр экенин билдирди.

«Маариф» фондунун өкүлдөрү саламаттык сактоо жана билим берүү тармагында башка мамлекеттердеги ишмердүүлүгү тууралуу маалымат беришти. Түрк делегациясынын башчысы Жахит Бакчы Ош шаарынын бийлигине билим берүү жана маданият жаатында кызматташтыкты өнүктүрүүнү сунуш кылды.

- Биз Түркия менен Кыргызстандын мамилесинин жакшырышында Ош шаарынын орду маанилүү экенин жакшы түшүнөбүз. Биздин фонд Ош шаарындагы мектептерди жана башка социалдык мекемелерди оңдоого, калыбына келтирүүгө көмөктөшө алат, - деди Жахит Бакчы.

Расмий Анкара 2016-жылы ишке ашпай калган төңкөрүш аракетине диний аалым Фетхулах Гүленди жана анын тарапкерлерин айыптап, Кыргызстанга мурдагы «Себат», азыркы «Сапат» билим берүү мекемелери кооптуу экенин байма-бай эскертип келет. Гүлен жана анын жолдоочулары төңкөрүштү түрк бийлиги атайын уюштурган деп эсептеп, бийликтин дооматтарын четке кагып жүрөт.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат буга чейин «Сапат» билим берүү мекемелеринин имараттарын Түркиянын «Маариф» фондуна өткөрүү пландалып жатканын жарыялаган. Кийинчерээк Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги анын айткандарын четке каккан.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган былтыр 1-сентябрда Кыргызстанга расмий сапар менен келгенде «Маариф» фонду менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлган.

Түрк бийлиги 2016-жылы АКШда жашаган диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын айтып, эки өлкөнүн мамилеси ошондон кийин сууй түшкөн.

Маселе Эрдогандын Кыргызстандагы сапары маалында да көтөрүлүп, президент Сооронбай Жээнбеков «Сапат» мектептери мамлекеттин толук көзөмөлүндө деп билдирген. Билим берүү жана илим министрлиги 4-сентябрда «Маариф» фонду өлкөдө билим берүү борборлорун ача турганын жана ал Кыргызстандын мыйзамы менен иштей турганын жарыялаган.

2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен «Сапат» болуп өзгөргөн. (MdN/NT)

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG