Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:05

Жасалма арак чыгаргандар аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызмат (Финпол) Бишкекте жасалма арак өндүрүп, сатып жүргөн топ аныкталганын кабарлады.

Маалыматка караганда, бул спирт ичимдигин “Аю” беренди менен чыгарып келишкен. Ыкчам иликтөө учурунда алкоголдук ичимдиктерди Ош базары тарапта жеке үйдө көптөн бери чыгарып келишкени аныкталган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 229-берененин 1-бөлүгү боюнча (“спирттик жана спирттик кошулмасы бар суусундуктарды мыйзамсыз чыгаруу”) сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG