Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Грекияда табылган адам сөөктөрүнүн жашы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Окумуштуулар Грекиянын баш калаасынын сыртынан табылган эң байыркы адамдын сөөгүнүн жашын аныкташты. “Nature” журналында жарыяланган изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, Грекияда табылган баш сөөктүн бөлүгү бери дегенде 210 миң жыл мурда жашаган кишиге таандык.

Бул сөөк 1970-жылдары Апидима үңкүрүнөн табылган. Бирок анын жашы аныктала элек болчу.

Изилдөөчүлөр дагы бир сөөктү 170 миң жыл мурда жашаган неандерталдыкы, экинчиси аң-сезими калыптанган кишинин алгачкы урпактарыныкы экенин такташты.

“Associated Press”агенттиги кабарлагандай, Грекияда табылган сөөктөрдүн жашы былтыр Израилде табылган жаак сөөгүнөн 16 миң жылга улуу.

Буга чейин эң байыркы адамдардын сөөктөрү Африкада гана табылган. Ошондуктан, “кишилер Африкадан Европага көчүп келген” деген божомолдор болгон.

XS
SM
MD
LG