Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:45

Азия чемпионаты: Нураида финалга чыкты


Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасынын мүчөлөрү. Нураида Анаркулова солдон биринчи. 11-июль, 2019-ж. Таиланд.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасынын мүчөлөрү. Нураида Анаркулова солдон биринчи. 11-июль, 2019-ж. Таиланд.

Кыргызстандык күрөшчү кыз Нураида Анаркулова күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатынын финалына чыкты. Мелдеш ушу тапта Таиланддын Чонбури шаарында өтүп жатат.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюмунун сайтындагы маалыматына таянсак, Нураида Анаркулова кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 57 килограммга чейинки салмакта килемге чыкты.

Анаркулова мелдешти чейрек финалдан баштап, алгач индиялык Бхарти Багелди 7:5 эсебинде, жарым финалдык беттеште вьетнамдык балбан кыз Зи Май Транг Нгуйенди 3:2 эсеби менен утуп, алтын байге үчүн күрөшүүгө укук алды.

Финалдык беттеште Анаркулова жапониялык балбан кыз Андориаханако Сава менен күч сынашат. Финалдык таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.

Дагы бир кыргыз балбаны Айбике Артыкалы кызы 62 килограммга чейинки салмакта коло байге үчүн күрөшөт.

Кечээ, 11-июлда кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн беш салмакта байгелер ойнотулуп, Мээрим Жуманазарова Азия чемпиону атыкса, Назира Марсбек кызы күмүш медалдын ээси болду.

Күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионаты 14-июлда жыйынтыкталат. (GT)

XS
SM
MD
LG