Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:51

Казакстанда көп балалуу энелер кайра көчөгө чыгууда


Нур-Султан шаарында нааразылык акциясына чыккан энелер. 12-июль, 2019-жыл.
Нур-Султан шаарында нааразылык акциясына чыккан энелер. 12-июль, 2019-жыл.

12-июлда майып балдарды тарбиялап жаткан ондогон көп балалуу энелер Нур-Султан шаарында нааразылык акциясына чыгышты. Алар “Башпаана!” деп кыйкырып турушту. Полиция өкмөткө жана президенттин резиденциясына алып барчу жолго жеткирбей, энелердин алдын тосту.

Чогулгандарга өкмөттөн, шаардык акиматтан кызматкерлер чыгышты. Өзүн Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин өкүлү Бахытжан Качаков деп тааныштырган киши аялдарды турак-жай программасын колдонууну сунуш кылды. Аялдар турак-жай программасында сунушталган насыянын 7% үстөгүн төлөөгө чамасы чак экенин айтышып, андан баш тартышты.

Ушундай эле талап менен Шымкент шаарында да энелер акиматтын алдына чыгышкан.

Быйыл февралда Астананын четинде үй өрттөнүп, беш бир тууган кыз мерт болгон. Мына ошондон кийин Казакстанда көп балалуу энелер маал-маал социалдык колдоону күчөтүүнү, турак-жай маселесин чечип, жөлөк пулду көтөрүүнү талап кылып келишет.

XS
SM
MD
LG