АКШ президенттигине талапкер болууну көздөп жаткан демократ, мурдагы вице-президент Жо Байден Дональд Трампты кескин сынга алды.
Ал учурдагы президентти америкалык баалуулуктарды урматтабай, адам укуктарынын сакталышына маани бербей жатат деп айыптады.
"Биздин демократия коркунучта. Өмүрүмдө ушул сөздү колдоном деп ойлогон эмесмин. Бирок бул чындык. Кайда караба, Трамп демократиянын калканчтарын, бийликти кыянат колдонууга тыюу салчуларды талкалап жатат. Аялга же балага кол көтөргөн эркек, жумушчусун коркутуп, текебер мамиле кылган кожоюн же мыйзам үстөмдүгүн урматтабаган америкалык президент – мына ушуларга чыдабайм. Америкалыктардын көбү бийлигин ашкере колдонгондорго чыдабайт", - деди Байден 11-июлдагы жолугушуу учурунда.
Ошондой эле “дүйнө жүзүндө авторитаризмдин, улутчулдуктун жана либералдуу эмес тенденциялардын ыкчам жайылып баратканына” тынчсыздануу билдирди.
Байден президент болуп шайланып калса, дүйнөдө демократиянын абалын жакшыртуу, жарандык коомдун активдүүлүгүн арттыруу үчүн саммит өткөрө турганын билдирди.
Сурамжылоолордо мурдагы вице-президент Демократиялык партиянын атынан талапкер болууга умтулгандардын алдыңкы сабында баратат.