Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:13

Өзбекстандагы Улуу Жибек Жолу фестивалына Баткенден өкүлдөр катышууда


“Улуу Жибек Жолу” маданий музыкалык-фольклордук фестиваль Өзбекстанда биринчи жолу өтүп жатат. 12-июль. 2019.
“Улуу Жибек Жолу” маданий музыкалык-фольклордук фестиваль Өзбекстанда биринчи жолу өтүп жатат. 12-июль. 2019.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров баштаган маданият кызматкерлеринен турган топ Фергана облусунун Маргилан шаарында уюштурулган “Улуу Жибек Жолу” маданий музыкалык-фольклордук фестивалынын салтанаттуу ачылышына катышты.

Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев аймактагы бир катар өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, тараптар Фергана-Баткен кызматташтыгын чыңдоо жана өнүктүрүүнү талкуулашты.

Андан соң Улуу Жибек жолунда жашаган элдердин салт-санаасы, кол өнөрчүлүгүнө арналган жармаңке уюштурулду. Фестивалга жыйырмадай өлкөдөн өкүлдөр катышууда. Эл аралык маанидеги өткөрүлүп жаткан бул иш-чара үч күнгө созулат.

Иш-чара Улуу Жибек Жолунда жашаган элдердин жашоо-турмушун, маданиятын чагылдырган маданий жана илимий иш-чаралар менен коштолууда. Анда ар бир эл өзүнүн салттуу музыкасын даңазалап, улуттук аспаптардын коштоосунда, өз таланттарын фольклор жанрында көрсөтүүдө. (JsA)

XS
SM
MD
LG