Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

Австралияга бараткан учактын жүргүнчүлөрү жараат алышты


Канада аба жолдорунун Ванкуверден Сиднейге бараткан учагы турбуленттик тилкеге кабылып, 35 жүргүнчү жараат алды.

Учак Гавайидеги Гонолулу шаарына чукул конууга аргасыз болду. Жабыркагандарды ал жерде догдурлар текшеришти.

Компаниянын өкүлдөрү 30 киши ооруканаларга жеткирилип, бирөөнөн башкасы ошол эле күнү чыгарылганын маалымдашты.

Бортто 269 жүргүнчү жана экипаждын 15 мүчөсү бар болчу. Жүргүнчүлөр мейманканаларга жайгаштырылып, жума күнү Сиднейге учуп чыгышары кабарланды.

XS
SM
MD
LG