Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:35

«Азаттык» кайрымдуулук фондуна акча которгондор тууралуу Финполдон маалымат сурады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) 2019-жылдын 9-июлунда «Азаттык» радиосунун «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» деп аталган иликтөөсүнө байланыштуу текшерүүнүн алдын-ала жыйынтыгын чыгарган.

Ушундан улам «Азаттык» радиосу Кыргыз Республикасынын «Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу» мыйзамына таянып, коммерциялык эмес кайрымдуулук ишмердигин жүргүзгөн Ысмайыл Матраимов атындагы фондго каржы которгон тараптар тууралуу маалымат берүүнү өтүнөт.

Тактап айтканда, «Азаттык Медиа» мекемеси Финполиция көрсөткөн:

10 миң АКШ долларын которгон Ж.М.;

10 миң АКШ долларын которгон М.Ч.;

199 958,2 АКШ долларын Стамбулдан которгон W.B;

170 588,00 АКШ долларын Стамбулдан которгон D.A.;

139 965,10 АКШ долларын Стамбулдан которгон S.C.K.G.;

159 965,00 АКШ долларын БАЭден которгон A.G.T.F.;

499 950,00 АКШ долларын Өзбекстандан которгон A.A.;

199 760,20 АКШ долларын Стамбулдан которгон R.J.;

49 162,00 АКШ долларын Москвадан которгон P.O.;

221 600 сомду которгон М.Р.; аттуу тараптардын аты-жөнүн, акча качан которулганын толугу менен көрсөтүп, маалымат берүүнү өтүнөт.

«Азаттык Медиа» мекемеси Финполиция берген маалыматтарга экинчи иликтөөсүндө орун берип, журналисттердин колундагы документтер менен салыштырып, коомчулукка жеткиликтүү маалымат таратууну көздөйт.

Быйыл май айынын соңунда «Азаттык» жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөө коомчулукта чоң резонанс жараткан. Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айэркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени, ушул эле адамдын атынан «Ысмайыл Матраимов атындагы фондго» 2,3 миллион доллар чет өлкөдөн кайра которулганы тууралуу сөз болгон.

Финполдун маалыматына караганда, «Исмаил Матраимов атындагы кайрымдуулук фондуна» 2014-2019-жылдары 1 миллион 439 миң доллар жана 221 миң сом келип түшкөн.

Акча келишимдердин негизинде фонддун банктык эсебине кайрымдуулук катары жогорудагы жеке жана юридикалык жактардан которулган. Мындан тышкары Wufuli Bumailiyamu аттуу жарандан аталган фондго 100 миң доллар жана 99 миң 958 доллар которулганы тууралуу банктык документтер бар экени айтылды.

Ошону менен катар Финпол иликтөөдөгү Saimaiti Aierken жана Wufuli Bumailiyamu деген адамдар Матраимов атындагы фондго 2 миллион 338 миң доллар которгону тууралуу документтер тастыкталбаганын билдирди.

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 2017-жылы иштен бошотулган. Бирок кийин бул үчүн өкмөттү сотко берип, утуп алган.

2018-жылдын декабрында жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков «Азаттыктын» иликтөөсүндөгү Матраимов жана анын байлыгы тууралуу фактылар териштирилерине убада берген. Финполициядагы топ февраль айынын бери иштеп жатат.

Буга чейин Финансылык чалгын кызматы «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган 700 млн. доллар Кыргызстандан чыгарылып кеткенин ырастаган. Бул кызматтын статс-катчысы Чыңгыз Кененбаев бул акча которуу «шектүү» деп эки ирет Ички иштер министрлиги менен Финполицияга маалымат берилгенин айткан. ИИМ бул боюнча маалымат бере элек.

XS
SM
MD
LG