Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:42

Ватикан: Жоголгон кызды издөө учурунда сырдуу жагдайлар ачылды


Ватиканда изилдөөчүлөр кабырды ачышты. 11-июль, 2019-жыл.
Ватиканда изилдөөчүлөр кабырды ачышты. 11-июль, 2019-жыл.

Ватиканда бейшембиде ачылган эки кабыр бош болуп чыкты. Тевтон көрүстөнүндөгү кабырлар 36 жыл мурда дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Эмануэла Орландинин ишин иликтөөнүн алкагында текшерилген. Текшерүү учурунда окуянын жандырмагы табылмак турсун, тескерисинче башка да сырдуу жагдайлар пайда болду.

Ватиканда иштеген клерктин кызы Эммануэла Орланди 1983-жылы музыка сабагынан үйүнө кайтып келатканда дайынсыз жоголгон. Бул окуя көп жылдардан бери түрдүү жоромолдорго жем таштап келет. Буга чейин ушул ишке байланыштуу тергөөчүлөр белгилүү кылмышкердин сөөгүн да эксгумациялашкан. Эми кыздын изин 19-кылымга таандык көрүстөндөн табуу аракети көрүлдү.

“Биз жалаң гана белгисиз бирөөлөр жөнөткөн катка таянган жокпуз. 2017-жылдан бери Ватикандын өзүндөгү конкреттүү адамдар Эмануэла көмүлгөн деген жерди атап келишти. Эми мен аттарын так билген адамдар эмне себептен дал ошол жерди көргөзүшкөнүн билгим келет. Мен жооп алмайынча токтобойм”, – деди 36 жыл мурда жоголгон кыздын агасы Пьетро Орланди.

1983-жылы өспүрүм кыз жоголгондо полиция ал ишке Ватикан өзү аралашкан болушу ыктымал деп айтып келген. Эмануэла адам аткезчилигинин курмандыгы болуп калды деген версия да четке кагылган эмес.

Эң кызыгы сөз болгон эки жайда каныкелердин сөөктөрү жашырылган болушу керек эле. Бирок эки кабыр тең бош болуп чыкты. Эми Ватикан көрүстөндө кандай иштер жүргүзүлгөнү жөнүндө 19-кылымдан берки документтерди жакшылап текшерүүнү чечти.

XS
SM
MD
LG