Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Азия чемпионаты: Нураида күмүш байге алды


Нураида Анаркулова жана Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев. Чонбури, Таиланд. 12-июль, 2019-ж.
Нураида Анаркулова жана Кыргызстандын күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев. Чонбури, Таиланд. 12-июль, 2019-ж.

Кыргызстандык күрөшчү кыз Нураида Анаркулова ушул күндөрү Таиланддын Чонбури шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында күмүш медал тагынды.

"Биргелешкен күрөш дүйнөсү" уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, Нураида Анаркулова бүгүн, 12-июлда кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 57 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.

Финалдык беттеште жапониялык Андориаханако Савага жеңилип (0:10), 2-орунду ээледи. Анаркулова финалдык таймашка чейин чейрек финалда индиялык Бхарти Багелди 7:5, жарым финалда вьетнамдык Зи Май Транг Нгуйенди 3:2 эсеби менен жеңип, алтын байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Бүгүн,12-июлда бул чемпионатта Азиянын 12 өлкөсүнөн келген күрөшчү кыздар беш салмакта күч сынашты. Нураида Анаркуловадан сырткары Кыргызстандан Айбике Артыкалы кызы (62 кг.) жана Дайана Жакып кызы килемге чыкты.

Айбике Артыкалы кызы 62 килограммга чейинки салмакта алгач чейрек финалда жапониялык Атена Кодамага жеңилди. Жапон кызы финалга чыккандыктан Артыкалы кызына коло байге үчүн таймашка чыгууга жол ачылды. Ал таймашта казакстандык Ирина Кузнецова менен беттешип мөрөй ала албай калды (9:11). Дайана Жакып кызы чейрек финалда таиланддык Хсин Пинг Пайга жеңилип (2:4), мелдештерин байгесиз жыйынтыктады.

Кечээ, 11-июлда кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн беш салмакта байгелер ойнотулуп, Мээрим Жуманазарова (68 кг.) Азия чемпиону аталса, Назира Марсбек кызы күмүш медалдын ээси болду.

Күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионаты 14-июлда жыйынтыкталат. Эртең эркектер арасында эркин күрөш боюнча таймаштар башталат.

XS
SM
MD
LG