Ооган расмийлери 12-июлда Пачерагам районундагы үйлөнүү той учурундагы жанкечтинин жардыруусунан өлгөндөрдүн саны тогуз кишиге жеткенин билдирди. Алардын арасында террордук топко каршы күрөшкөн полициянын командири Малек Тор да бар.
Нангархар провинциясынын губернаторунун пресс-катчысы Аттаулла Хогьяни 12 жаштагы өспүрүм Тордун үйүнө кирип барып, өзүн өзү жардырганын билдирүүдө. Бул учурда ал жерде үйлөнүү үлпөтү өтүп жаткан.
Губернатордун өкүлү 12 киши жараат алып, ооруканага жеткирилди деп баштапкы маалыматты кайра тактады. Мурдараак кырк киши жараат алганы кабарланган.
Жардырууга эч бир топ жоопкерчилик ала элек. Бирок Нангархарда «Талибан» менен «Ислам мамлекетинин» жоочуларынын уюгу бар деп эсептелет.
Акыркы жылдары жанкечтилер өкмөттүк мекемелерде, мектептерде жана жардам топтору жүргөн жерлерде бир канча жолу бомба жардырышкан.