Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

Кыргызстан - Казакстан: бир катар документтерге кол коюлду


Аскар Мамин менен Мухамедкалый Абылгазиев.
Аскар Мамин менен Мухамедкалый Абылгазиев.

Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сапар алкагында Аскар Мамин менен Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында чакан жана кеңири форматта жолугушуу өткөрүп, өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышты.

Жыйынтыгында эки өлкөнүн компанияларынын ортосунда айыл чарба өнүмдөрүн соодалашуу жаатында кызматташуу, “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” менен “Кепилдик фонду” ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө төрт меморандумга кол коюлду.

Мындан сырткары кол коюлган документке ылайык Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министрлиги менен Казакстандын индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлиги долбоорлорду ишке ашыруу жаатында кызматташмай болду. Кол коюлган документтердин арасында эки тараптуу экономикалык кызматташуу жана салык башкаруу планы да бар.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, эки өлкө премьер-министрлери келерки жылы 2010-жылы жабылган Таластагы “Кичи-Капка” бекетин ачууну, Казакстан аймагы аркылуу ташылган жүктөрдү өткөрүү режимин жеңилдетүү тууралуу макулдашкан. Мындан сырткары Чолпон-Ата – Алматы жолун куруу, Аспара дарыясы менен Чүй-2 айланма каналында суу сактагыч салуу боюнча инфраструктуралык долбоорлор да талкууланган.

XS
SM
MD
LG