Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

«Ата Мекен» партиясы президентке кайрылды


«Ата Мекен» партиясынын тарапташтарынын митинги. 23-апрель, 2019-жыл.
«Ата Мекен» партиясынын тарапташтарынын митинги. 23-апрель, 2019-жыл.

«Ата Мекен» саясий партиясы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

Анда партия 25 жылдан бери адегенде Акаевдин, анан Бакиевдин үй-бүлөлүк, кландык башкаруусуна, кийин «Атамбаевдин уюшкан-кылмыштуу диктатурасына каршы күрөштү» деп белгиленет.

Күрөштүн башында турган партия төрагасы Өмүрбек Текебаев жана партия мүчөсү Дүйшөн Чотонов Атамбаевдик бийлик тушунда жасалма далилдер, сотторго басым көрсөтүү, өз өлкөсүндө кылмыш жасаган адамды пайдалануу менен камалганы айтылат.

«Атамекенчилер» президент Жээнбековдон Текебаев-Чотонов ишин акыйкат, калыс кароону камсыздап берүүнү өтүнүүдө.

«Биздин партиянын мүчөлөрү, тарапташтарыбыз, көптөгөн кыргызстандыктар: жаӊы бийлик тарабынан Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновду саясий куугунтуктоо саясаты дагы деле жүрүп жаткан жокпу, эгер андай болсо, бүтүндөй биздин партияга жана анын тарапташтарына куугунтуктоо жүрүп жатабы – деп сурашат» деп айтылат кайрылууда.

Азырынча президенттик аппарат кайрылууга жооп кайтара элек. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары Текебаев-Чотоновдун камалышында саясий куугунтук жоктугун айтып келишкен.

Текебаев менен Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 млн. доллар пара бергем» деген көрсөтмөсү менен сегиз жылдан кесилишкен. Сот учурунда акча берилгени же алынганы тууралуу фото, видео, аудио далил келтирилген эмес. 16-июлда бул иш Жогорку сотто кайра каралат.

XS
SM
MD
LG