Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

Ким Чен Ын Түндүк Кореянын расмий өлкө башчысы болду


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын расмий түрдө өлкө башчысы болуп калды. Мындай өзгөрүү өлкөнүн Конституциясына өзгөртүү киргенден кийин ишке ашты.

Reuters агенттигинин жазышынча, буга чейин Түндүк Кореянын номиналдык башчысы катары Жогорку Элдик жыйындын президиум төрагасы саналчу. Ал эми Ким Чен Ын “жогорку лидер” деп аталып, өлкөнүн бардык аскердик кубатына жетекчилик кылары расмий түрдө айтылган.

Эми эл аралык маалымат каражаттары Ким Чен Ындын өлкө жетекчиси деп расмий таанылышын, Кореяда милитаризациялык багытты басаңдатып, эл аралык сүйлөшүүлөргө басым жасоо аракети катары белгилеп жатышат.

Reuters агенттиги бул өзгөрүүлөрдү АКШ менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө даярдык катары сыпаттады.

Быйыл июнь айынын соңунда Түндүк Корея акыркы эки жылдан бери алгач жолу Түштүк Корея жана АКШ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анын жүрүшүндө АКШ президенти Дональд Трамп бир нече секундга Түндүк Кореянын аймагына өтүп, мындай аракетти жасаган алгачкы америкалык президент болуп калган.

XS
SM
MD
LG