Линктер

жекшемби, 18-август, 2019 Бишкек убактысы 12:50

Алмазбек Атамбаевдин тарапкери УКМКга суракка чакырылды


3-июлдагы Бишкекте өткөн митинг

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдоо митингде сөз сүйлөгөн Фархад Бабиев УКМКга суракка чакырылды.

Бул тууралуу Социал-демократиялык партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. Анын айтымында, атайын кызмат Бабиевди күбө катары 13-июлда Тергөө башкармалыгына келүүнү буюрган.

Жолдубаева Фархад Бабиевдин 3-июлда Бишкекте өткөн нааразылык акциясында сөз сүйлөп, бийликке каршы сын айтканын белгилеп, чакырууну ошого байланыштырып жатат.

Ал эми УКМК бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG