Ысык-Көлдөгү Сырт өрөөнүндө жайгашкан «Хан-Теңири» лагеринде эки адамды өлтүрүп, бир адамды жарадар кылып качып кеткен Сергей Смирновду издөө уланууда.
Бул тууралуу облустук милициядан “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка ылайык, кылмышка шектүүнү издөөгө Ысык-Көл облустук жана Ак-Суу, Түп райондук милициясынын кызматкерлери тартылган. Мындан сырткары чек арачылар да бул ишке көмөктөшүүдө. Азырынча Смирнов кармала элек.
6-июлда «Хан-Теңири» альплагеринде бир киши эки адамды атып өлтүрүп, үчүнчүсүнө бычак сайып, аялды барымтага алып качып кеткен. Кийин барымтага алынган аял бошотулган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда.(KS)