Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:12

Түркия менен АКШнын коргоо министрлери сүйлөштү


Түркия Орусиядан сатып алган С-400 зениттик-ракеталык системасынын алгачкы бөлүгүн алган соң бул өлкөнүн коргоо министри Хулуси Акар АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Марк Эспер менен телефон аркылуу сүйлөштү. Пентагон 30 мүнөткө созулган сүйлөшүү тууралуу кеңири маалымат берген жок.

Расмий Анкара болсо “Түркия дале болсо абадан жана ракетадан сокку уруу коркунуч бар экенин белгилеп, С-400 коргонуу системасын сатып алуу муктаждык болгонун” АКШнын өкүлүнө түшүндүргөнүн кабарлады.

12-июлда Түркия Орусиядан сатып алган С-400 зениттик-ракеталык системасынын алгачкы бөлүгү өз аймагына келгенин кабарлады.

Бул келишим Вашингтон менен Анкаранын мамилесин чыңалткан негизги маселелердин бири. Кошмо Штаттар буга чейин НАТОдогу өнөктөшү Түркияны С-400 боюнча келишимден 31-июлга чейин баш тартышы керектигин билдирип келген. Андай болбосо Анкарага F-35 истребителдерин сатпай коерун эскерткен.

Буга карабай түрк бийликтери коргонуу системасын сатып алган соң расмий Вашингтон өз позициясын билдире элек. Бул маселе боюнча уюштурат деген америкалык бийлик өкүлдөрүнүн маалымат жыйыны "белгисиз мөөнөткө жылдырылганы" кабарланды.

XS
SM
MD
LG