Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:39

Киевде телеканалдын имаратына кол салуу болду


Гранатомёт, иллюстративдик сүрөт
Гранатомёт, иллюстративдик сүрөт

Украинанын борбору Киевде "112" деп аталган телеканалдын имаратын белгисиз адамдар гранатомет менен аткылады.

Бул тууралуу Киев полициясы маалымат таратып, теракт деп атады. Маалыматка ылайык, Украинанын борбор калаасында жайгашкан телеканалдын имаратында өткөн түнү жарылуунун үнүн уккан коңшулар полицияга кабар берген. Жерине келген полиция кызматкерлери имарат гранатометтон аткыланганын аныкташкан. Андан имараттын фасаддык бөлүгүнө зыян келген. Окуядан эч ким жабыркаган жок. Учурда тергөө башталды.

Бул окуядан бир күн мурда "112" каналынын жетекчилиги полицияга кайрылып, улутчул радикалдар коркутууларды жолдоп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG